Милиция ишеним акциясын өткөрүп жатат

Ички иштер министрлиги Бишкекте борбордук Ала-Тоо аянтында милиция кызматкерлерине ишеним арттырууга арналган майрамдык иш-чара өткөрүп жатат.

Кабарчыбыздын маалымдашынча, анда ар түрдүү сынактар өтүп, оюн-зооктор көрсөтүлүүдө. ИИМдин түзүмдөрүндөгү кызматкерлер кесиптик чеберчилигин көрсөтүп жатышат. Милиция кызматкерлерине элдин ишенимин кайтарууга багытталган мындай иш-чара Кыргызстанда биринчи ирэт уюштурулуп жаткан экен. (EBM)