Хоккей: Чехия Орусияны утуп алды

Словакияда өтүп жаткан хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тандалма оюндарында чехиялык хоккейчилер орустарды 3-2 эсебинде жеңди.

Таймаштын башында чехтер 2-0 эсебинде алдыда келаткан. Терещенко атаандышынын дарбазасына алгачкы шайбаны киргизсе, оюн аяктарына 4 мүнөт калганда Зарипов эсепти 3-2ге теңеди.

Орусиялык хоккейчилер чехтердин курамасынан утулуп калгандыгына карабастан, сегиздикке чыкты.