Сирияда камакка алуулар уланууда

Сирияда президент Башар Асадга каршы чыккандарды камакка алуулар уланууда.
Коопсуздук күчтөрү Хомс, Банияс шаарларында, Дераа менен Дамаскинин айланасындагы кыштактарды үймө-үй кыдырып, жүздөгөн кишилерди кармап кетишкенин жергиликтүү коомдук активисттер маалымдашты.
Түн ичинде танктардын коштоосундагы аскерлер Хомско киргизилди.
Укук коргоочулар антиөкмөттүк нааразылык жыйындары башталган март айынан бери 800дөн ашуун адам мерт болгонун билдиришүүдө.