Кандагардагы жапырыкты уюштургандар жок кылынды

Кандагар шаарында дем алыш күндөрү өкмөттүк имараттарга жапырык жасаган адамдар жок кылынды же туткундалды. Бул тууралуу НАТОнун Ооганстандагы командачылыгы билдирди. Ишемби күнү автомат, гранаталар менен куралданган, белдерине жардыргыч заттарды курчанган талип согушкерлери шаардын булуң-бурчунда кол салууларды уюштурушкан. Ооган расмий адамдары маалымдагандай, бери дегенде 25 согушкер, коопсуздук күчтөрүнүн 2 аскери жана карапайым 1 адам мерт кетти, 40ка жакын адам жарат алды.