Литва cоветтик КГБнын архивин жарыялайт

Бүгүнтөн тарта Литвада атайын интернет сайтта Балтика республикаларында түзүлгөн КГБ бөлүмдөрүндөгү документтердин түп нускасы жарыялана баштайт.

Коомчулукка чыкчу документтер 1960-1990-жылдардагы КГБнын жана анын агенттеринин ишмердигин көрсөтөт. Бирок советтик жашыруун кызмат менен байланышкан адамдардын аттары жашыруун бойдон калат.