Хосни Мубарак аялы менен ооруканада сурак берүүдө

Египеттин Юстиция министрлигинин тергөөчүлөрү экс-президент Мубарак, анын жубайы Сюзан Сабитти "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген негизде суракка алууда. Бул тууралуу египеттик маалымат каражаттары кабарлайт.

Мурдагы президенттик үй-бүлө Мубарак дарыланып жаткан Шарм-эш-Шейх шаарындагы эл аралык госпиталда сурак берүүдө. 

3-майда Египет башкы прокуратурасынын тергөөчүлөрү сурак жүргүзүп жаткан маалда экс-президент эс-учун жоготкон.

Мубарак өзүнө коюлган айыптарды толугу менен четке каккандыктан аны камакта кармоо 15 күнгө узартылган. Дарыгерлер мурдагы өлкө башчынын саламаттыгы оңолгондо кайра суракка алууга уруксат беришти.