Орусия түштүккө 5,5 млн. долларга курулуш материалдарын жөнөтөт

Орусиянын Чукул кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын түштүгүнө гуманитардык жардам иретинде 5,5 миллион долларга барабар курулуш материалдарын жиберет. Курулуш материалдары 15-июндан тарта жөнөтүлө баштайт. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы маалымдады.