Аба ырайы

Синоптиктердин маалыматы боюнча, 15-майда Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, күн күркүрөйт, калган аймактарда дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 14 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 25...30, Талас облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29, Баткен облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 27....32, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 17...22 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25 градус жылуу болот. Тоолордо түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10 градус жылуу болот.

Бишкекте 15-майда жаан-чачын дээрлик күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 28…30 градус жылуу болот. (KR)