Депутаттык комиссия Бабановго тийиштүү айыптоолорго далил таппады

Бул тууралуу “Азаттыкка” Социал-демократтар фракциясынын депутаты Токтогул Туманов билдирди. Анын айтуусунда экс-баш прокурор Кубатбек Байболовдун «Манас Интернэшнл Сервис» ишканасы административдик ресурсту колдонуп, 730 млн сом салык төлөгөн эмес” деген маалыматы тастыкталган жок. 

Мурдагы баш прокурор  Кубатбек Байболовдун 2011-жылдын 14-апрелинде Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия бүтүмүндө, ошондой эле, экс-баш прокурор өзү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталат.

Дарегине айтылган айыптарга байланыштуу вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов иликтөө бүткөнгө чейин кызматынан бир айга чегинген. (EK)