Вице-премьер-министр Бабанов жумушка чыкты

Ага карата айыптоолор боюнча депутаттык комиссия териштирүү иштерин бүткүчө кызмат ордунан убактылуу, бир айга четтеген Өмүрбек Бабанов кайрадан ишине киришти. Бүгүн ал өкмөттүн жыйынына катышууда. Премьер-министр Алмазбек Атамбаев депутаттык комиссия бүтүмүн далил кармап, биринчи вице-премьер-министрдин дарегине айтылган айыптоолор жөн эле каралоо экендигин белгиледи. Эске салсак, экс-Баш прокурор Кубатбек Байболов коррупциялык иштерге катышы бар деп бир ай мурун Өмүрбек Бабановду айыптап чыккан. (EK)