Түштүк Ооганстанда 4 аскер набыт болду

НАТО өзүнүн төрт аскери бүгүн жардырууда набыт болгонун билдирет.

Азырынча НАТО жетекчилик кылган Эл аралык коопсуздук көмөктөшүү күчтөрү окуянын чоо-жайын, өлгөндөрдүн кимдигин айткан жок.  

Ооганстанда НАТО аскерлери өлтүрүлгөндөн кийин кайсы өлкөдөн экендиги тууралуу чукул маалымат берилбейт.  Алды менен алардын мекенине жана үй бүлөсүнө айтылгандан кийин гана кимдиги белгилүү болот.