Пакистандын премьер-министри - Кытайда

Премьер-министри Юсуф Реза Гилани 4 күндүк расмий сапар менен Пекинге барды. Бул сапар Исламабад-Пекин дипломатиялык алакалардын 60 жылдыгына байланыштырылууда.
Сапар маалында башка маселелердин катарында экономикалык кызматташтык да талкууланмакчы. Жакынкы беш жылда тараптар 30 миллиард долларлык долбоорду ишке ашырууну пландоодо.
Пакистан премьер-министринин Кытайга сапары Усама Бин Ладенге каршы операцияга байланыштуу Вашингтон менен Исламабаддын мамилеси татаалдашып турган учурга туура келди.