Валюта корунун башчысы Рикерс түрмөсүнө которулду

Зордуктоого аракеттенген деп шектелип жаткан Эл аралык валюта корунун башчысы Доминик Стросс-Кан Нью-Йорктун Рикерс аралындагы түрмөгө которулду. Судья Меллисо Жексон бардыгы мыйзам чегинде болуп жаткандыгын айтты:

- Мен бул жерде кармалган киши күнөөлүү же күнөөсүз деп айта албайм. Бул жерде кеп ал качып кетеби-жокпу деген кооптонууда турат. Мен ушул өнүттө гана мыйзам чегинде аракеттенем. Бул адамдын Нью-Йорктун Жон Кеннеди аба майданында учакка отурар алдында кармалганы шек туудурат.

Стросс-Кан Францияга кетип калат деп чочулаган сот аны 1 миллион доллар кепилдик аркылуу бошотуу сунушунан баш тарткан.
Кан Стросс Нью-Йорк отелинин бөлмө тазалагычынын даттануусунун негизинде Парижге учаар алдында, ишемби күнү кармалган. Коюлган айыпты ал өзү төгүндөп жатат.
Валюта Корунун башчысы бүгүн Евробиримдиктин каржы министрлеринин Брюссель жолугушуусуна катышмак.