"Алтын" ювелирдик холдингдин жетекчиси камактан чыкты

Орусиянын тартип коргоо органдары "Алтын" ювелирдик холдингдин вице-президенти Антонина Бабосюкка "аткезчилик жол менен ишкердик кылган" деген негизде 2009-жылы кылмыш ишин козгогон. Убактылуу тергөө абагында жаткан ишкер айым күрөөгө 1 миллион долларды коюп баш коргоо чарасын өзгөрткөнүн Орусиянын массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Былтыр декабрда Москва шаардык соту А.Бабасюкту камакта кармоо мөөнөтүн 2011-жылдын апрелине чейин узарткан чечимин чыгарган.

"Алтын" компаниясы 1990-жылы түзүлүп, Орусия, Казакстан, Кыргызстан жана Бириккен Араб Эмираттарында тармакташкан дүкөндөрдү ачып, өтө арзан баада зергер буюмдарын сатып турган.

А.Бабасюк Кыргызстанда туулуп өскөн, Улуттук университеттин биология факультетин аяктаган. (EK)