Каддафи сегиз аскердик кемесинен ажырады

НАТО Ливия лидери Муаммар Каддафинин аскерлерине таандык сегиз аскердик кемени катардан чыгарды. Альянстын 19-майда билдиришинче, кемелер өлкө борбору Триполиге, Кумс жана Сирте шаарларына жасалган түнкү чабуул учурунда сууга чөктүрүлгөн. Бул боюнча Каддафинин өкмөтү билдирүү жасай элек.