Кыргызстан ЕврАзЭШтен 106 млн. доллар насыя сурады

Кыргыз өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев Евразия экономикалык шериктештиги - ЕврАзЭШтин антикризистик корунан Кыргызстанга 106 миллион доллар эсебинде насыя бөлүү өтүнүчү менен кайрылды. ЕврАзЭШтин антикризистик кору бул маселени 4-июнда карай турганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Саммиттин алкагында премьер-министр Алмазбек Атамбаев орус өкмөт башчысы Владимир Путин менен жабык эшик артында жолукту. Орусиянын айрым массалык маалымат каражаттары анда кыргыз премьери Орусиядан 30 миллион доллар грант сурагынын жазып чыгышты. (EK)