ФИФАнын жетекчиси паракордук жөнүндөгү сөздөрдү четке какты

Эл аралык футбол федерациясы - ФИФАнын президенти Зепп Блаттер уюм коррупциялашкан деген айың кептерге негиз жок деп кесе айтты. 1-июнда өтө турган шайлоодо дагы бир мөөнөт үчүн күрөштү жеңүүгө далаалаттанган Блаттер ишембиде Түшүтүк Африкада болду. Декабрда 2018 жана 2022-жылкы дүйнө чемпионаттары боюнча добуш берүү болгон учурда, ФИФАнын аткаруучу комитетинин мүчөлөрү пара сурашкан деген сөздөр чындыкка коошпойт, - деди президент.

2018-жылкы чемпионатты өктөрүү укугун Орусия жеңген, ал эми андан кийинки мелдешти Катар уюштурмакчы. Федерациянын президентин шайлоодо Блаттерге атаандаш болуп Азия футбол уюмунун жетекчиси, Катардын өкүлү Мохамед Бин Хаммам чыгат.