АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси ишке киришти

22-майда Кыргызстанга АКШнын жаңы дайындалган элчиси Памела Спратлен келди. Элчи айым ишеним грамотасынын көчүрмөсүн бүгүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге тапшырды. 24-майда грамотанын түп нускасын Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева берет, андан соң маалымат жыйын өткөрүп эки өлкө ортосундагы алака-катыш тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берет. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

АКШнын президенти Барак Обама Спратлендин талапкерлигин ушул жылдын 5-январында сунуштаган, 3-мартта Сенат аны элчи кылып бекиткен.  Спратлен тышкы иштер боюнча адис катары 20 жылдан ашуун убактан бери иштеп жатат. Ал буга чейин АКШнын Казакстандагы элчисинин орун басары болчу. (EBM)