Октябрь айылындагы жаңжалды уюштурган делген үч адам кармалды

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Рахматулла Ахмедов кабарлады. 29-майда Аламүдүн районундагы Октябрь айылында жашаган кыргыз жана лезгин улутундагы жаштардын тобу чатакташа кеткен. Чатак мушташка айланып, кечки саат алтылар чамасында эки тараптан жыйырмадай жаштар чогулган. Дароо бара калган милиция кызматкерлери жаңжалды күчөтпөй токтотууга үлгүргөн. Азыр жаңжалды уюштурган деген шек менен 3 адам кармалды жана катталган факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 204-беренесинин (ээнбаштык) негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда жаштар арасында чыккан жаңжалдын себептери иликтенүүдө. Коомдук тартипти сактоо үчүн милиция кызматкерлери жана элдик кошуундун өкүлдөрү тартылды. Мунун алдында Октябрь айылынын тургундары, милиция кызматкерлери жана Кыргызстан калкы ассамблеясынын өкүлдөрү жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. (КЕ)