Удмуртиядагы жарылуудан 55 киши жабыркап, алардын көпчүлүгү ооруканага жаткырылды. Жергиликтүү бийлик 30 миңден ашык кишини коркунучтуу аймактан чыгып турууга буюрду. Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Удмуртия аймагында жайгашкан курал-жарак кампасынан өрт чыгып, ал жарылууга алып келген.