Кыргызстан элдеринин ассамблеясы курултай өткөрөт

Курултайды колдоо тууралуу буйрукка өлкө башчысы Роза Отунбаева кол койду. Буйрук менен курултайды уюштуру комитетинин курамы бекип, комитетке кезексиз VII Курултайдын иш-чара планын иштеп чыгуу милдети жүктөлдү. Курултайды уюштуруу иштерине Президенттик Аппараттын Этника, диний саясат жана жарандык коом менен алака түзүү бөлүмү көзөмөл кылмакчы. Курултай 17-июнга белгиленүүдө. (EK)