ЖК комитети Кыргызстандын Жарандык коргонуу уюмуна кирүүсүн колдоду

Жогорку Кеңештин эл аралык кызматташуу боюнча комитети Кыргызстандын Жарандык коргонуу боюнча эл аралык уюмдун уставына кошулуусун колдоду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстан 15 жылдан бери Жарандык коргонуу боюнча эл аралык уюмга байкоочу болуп келгенин, бирок уюм быйыл өлкөнү толук кандуу мүчө катары кабыл алганга ниеттенип жатканын билдирет.

Уюмга мүчө болуу үчүн атайын төлөм 60 миң долларды түзөт, бирок Кыргызстан ага анын 21 миңин гана төгүп турса болот. Бул тууралуу Женевада өзгөчө кырдаалдар министри Болотбек Борбиев менен Жарандык коргонуу боюнча эл аралык уюмдун баш катчысы Касидас Рогонокор 13-майда макулдашкан. Өзгөчө кырдаалдар министри Кыргызстанга ЖКУ быйыл 3 млн. доллар эсебинде жардам бергенин белгилейт. Уюмга дүйнөнүн 50 өлкөсү мүчө катары катталган.

Буга чейин Кыргызстандын Жарандык коргонуу уюмуна кирүүсүн ЖКнын Коопсуздук жана коргоону комитети колдоп берген.

Кыргызстандын Жарандык коргонуу боюнча эл аралык уюмга мүчө катары кирүү маселеси боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин талкуусуна жакынкы күндөрү коюлат. Бул тууралуу "Азаттыкка" ЖК басма сөз кызматы тастыктады. (ЕК)