10-июнь - Кыргызстанда аза күтүү күнү

Эртең саат тогузда Кыргызстандын бардык аймактарында бир мүнөттүк аза күтүлүп, бардык туулар түшүрүлөт. Негизги эскерүү иш-чаралары Ош шаарында президент Роза Отунбаева баштаган бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт. Парламенттен 50 чакты депутат барат.

Өткөн жылкы июнь коогалаңында Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Ош жана Жалал-Абад облустарында 427 адам ажал таап, эки миңге жакын адам ар кандай деңгээлде жараат алышкан. Ошол эле учурда 23 адам дайынсыз жоголгондордун тизмесинде турат. 21 адамдын жасаты тааныла элек. (AzK)