Министр азык-түлүк коопсуздугу тууралуу маалымат берет

Бүгүн айыл-чарба министри Төрөгул Беков “Кабар” маалымат агенттигинде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого байланыштуу маселелер тууралуу айтып берет. Өкмөт жергиликтүү дыйкандарды колдоп, быйылкы жазгы айдап-себүү иштерине жеңилдетилген насыя берген болчу.  Бул үчүн казынадан 1 миллиард сом бөлүнгөн. (EBM)