Сүлүктү менен Лейлекте селден 250дөн ашуун имарат жабыркады

Баткен облусундагы Сүлүктү шаарында жана Лейлек районунда катуу жааган жаандын айынан сел жүрдү. Андан баш-аягы 230 үйдүн имараты жабыркап, суу  үч жеңил унааны, 350дөй мал жандыкты алып кетти. Баткен облустук администрация сел 200 млн. сомдун тегерегинде чыгым алып келгенин билдирүүдө.

Баткен-Сүлүктү унаа жолунун айрым жерлери оңдоого муктаж болуп калды. Чукул кырдаалдар министри Болотбек Борбиев абал менен таанышуу үчүн Сүлүктүдө жүрөт. (EK)