Европа монетардык союзу Грекияга 12 млрд. евро карыз берет

Евромейкиндиктин каржы министрлери 19-июнда Грекияга 12 миллиард евро кредит бөлгөнгө макулдук берет.

Биримдиктин экономика боюнча комиссары Оли Рендин 16-июнда билдиришинче, 12 миллиард евро Грекиянын карызын тейлөөгө жумшалат жана Афиныга орто мөөнөттүк кредит берүү маселеси июлда талкууланат.
 
Рен ошондой эле грек парламенти социалдык чыгымдарды кыскартуу боюнча жаңы иш-чаранын планын бекитиш керек экенин да эскертти.