Таласта жарманке өтүп жатат

Аймактагы кабарчыбыздын билдиришинче, Талас шаарынын борбордук аянтында жарманке өтүп жатат. Анда аймакта өндүрүлгөн азык-түлүк өнүмдөрү, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери, курулуш материалдары коюлган. Ошондой эле асыл тукумдуу мал-жандыктар да көрсөтүлүүдө.

Иш-чарага казак ишкерлери жана Сауд Арапстанда иштеген кыргызстандык бизнесмендер катышып, Таласка инвестиция тартуу жагын караштырып жатышат. (EBM)