Чет жерде камакта 800дөн ашуун кыргыз жараны бар

Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы бүгүн маалымат таратты. Ага ылайык, Орусияда камакта отурган кыргызстандыктардын саны- 376, Казакстанда - 212, Украинада - 8, Беларусияда -12, Өзбекстанда - 69, Тажикстанда - 20, АКШда - 6, Итаияда-1, Чехияда -1, Германияда - 7, Түркияда - 9, Кытайда - 20, Кореяда - 3, Индияда - 3, Индонезияда -1, Иран -1, Иракта -1, Араб Эмираттарында - 6 деп эсепелет.

ТИМдин маалыматына ылайык, кыргызстандыктар ириде маңзат аткезчилигине байланыштуу камакка алынат. Мындан тышкары алардын арасында майда уруучулук, чек араны мыйзамсыз өткөндөр, бейбаштык үчүн да отургандар бар. (EK)