Бүтүрүү кечелерине тыюу салынды

Быйыл орто мектепти бүтүрүп жаткан окуучулар саны 72 миңди түзүүдө. Билим берүү министрлигинин 1-февралдагы буйругу менен бүтүрүүчүлөргө орто билимин тастыктаган аттестаттар бүгүн мектептерде салтанаттуу түрдө тапшырылды. Ушул эле буйрукка ылайык, кечкисин мектептен тыш кафе-ресторандарда бүтүрүү кечелерин уюштурууга тыюу салынды.

Быйыл Ош шаарында 2780 окуучу орто мектепти бүтүрүүдө. Коопсуздук чараларына байланыштуу Ош шаардык мэриясы 13-майда бүтүрүү кечелерине тыюу салган токтомун чыгарган.

Анткен менен Бишкек шаардык мэриясы бардык жоопкерчиликтерди өз мойнуна алып, мектепти мыкты бүтүрүп жаткан 176 окуучу үчүн кечинде салтанаттуу кече уюштурууда. (EK)