Багдаддагы кол салуудан 21 киши набыт кетти

Багдадда кечээ 3 бомба жарылып, бери дегенде 21 киши каза тапты, 40тан ашууну жарадар болду. Жарылуу шаардын түштүгүндөгү базарда соода-сатык кайнап турган кезде болгон. Коопсуздук органдарынын маалыматына караганда, бомбалар биринин аркасынан бири ишке келтирилген.