Нарындык фермерлерге 58,3 млн. сом эсебинде насыя берилген

Бул маалымат биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун Нарын облусуна иш сапары учурунда айтылды. Маалыматка ылайык, өкмөттүн “Фермерлерге жетиштүү насыя” программасы алкагында 500дөн ашык дыйкан жеңилдетилген насыя алышкан.

Нарын облусу ички дүң продуктунун 4, 1 пайызын камсыздап, аймакта эт комбинатын куруу пландаштырылп жатат. Нарын облусунун өнүгүү стратегиясында 100 млн. сом эсебинде чакан эки ГЭС куруу планы да бар. (EK)