Президент мамлекеттик мекемелердин ачык-айкын эместигине нааразыланды

Бүгүн “Ала-Арча” резиденциясында Коомдук байкоочу кеңештердин мамлекеттик органдар менен кызматташуусун арттырууга арналган семинар өтүүдө. Иш-чарага президент Роза Отунбаева да катышуу алып, мамлекеттик мекемелердин ачык-айкын эместигине нааразыланды. Өлкө башчысы мамлекеттик түзүмдөрдүн жабыктыгы эл арасында өкмөт деңгээлинде кандай иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалыматтын аздыгын камсыз кылып жаткандыгына кейиди.

Семинарда Коомдук байкоочу кеңештер аркылуу мамлекеттик башкаруу органдарынын каржылык ишмердигине кантип көзөмөл жүргүзүү керектиги тууралуу маалыматтар берилүүдө. (EK)