Ош: Кургак учуктун таралышын азайтуу чаралары талкууланат

27-июнда Ош шаарында, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын кургак учук илдетин азайтуу боюнча жасап жаткан иш-чаралары талкууланат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, Кыргызстанда 2010-жылы кургак учукту жуктуруп алган жаңы 5 миңден ашык адам катталган. Соңку учурда бул оору менен ооругандар Нарын менен Таласта көбөйүүдө. Ички миграция күч болгондуктан оорулуулардын саны боюнча Чүй облусу биринчи орунда турат. (EBM)