Грузия эми "Жоржия" деп аталып калды

Грузия жетекчилиги эл аралык коомчулукка кайрылып, өлкөнү орусча “Грузия” дебей, англисче “Жоржия” деп атоону өтүндү. Тышкы иштер министринин орун басары Нино Каландадзе 27-июнда билдиргенге караганда, “Жоржия” деп атоо боюнча ырасмий кайрылуу БУУга мүчө бардык өлкөлөргө жөнөтүлгөн жана Түштүк Корея өтүнүчтү биринчи болуп кабыл алган.
Россиядан башка да экс-советтик республикалар менен экс-коммунисттик мамлекеттерде “Грузия” деген аталыш колдонулат. Грузиндер өз мекенин “Сакартвело” деп аташат. Бул сөз грузин элинин түптөөчүсү Картлос баатырдын ысмынын туундусу.