Селден жабыркаган Баткенге Чүйдөн гумжардам барат

Чүй облустук администрациясы селден зыян тарткан Баткен облусуна эртең гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган администрациянын маалымат катчысы Улан Камчыбеков билдирди. Анын айтымында, жардамга делген 15 тоннадай азык-түлүктү чогултууга облустагы бардык райондор кол кабыш кылды. Селден жапа чеккен баткендиктерге алгач Нарындан жардам барган. (EBM)