Бишкектин ооруканалары каржылоонун жаңы түрүнө өттү

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директорунун орун басары Улан Нурмамбетовдун “Азаттыкка” билдиришинче, 1-июлдан тарта медициналык мекемелердин жетекчилери бюджеттен бөлүнгөн каражатты тамак-ашка, дары-дармектере жана башка керектөөлөргө өз алдынча бөлүштүрүү укугуна ээ болот. Бул каражатты сарамжал пайдалануу жана үнөмдөө максатында жасалууда. Мындай ыкмага республканын бардык медицина мекемелери 2-3 жыл мурда өтүшкөн. Буга чейин ар бир нерсеге өзүнчө каражат эсептелип бөлүнчү. Маселен дары-дармекке деп бөлүнгөн каражаттан тамак-ашка иштете алышчу эмес.

Буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов каражаттарды натыйжалуу пайдалануу үчүн саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилерин атайын сынактын негизинде кызматка алууну сунуштаган болчу. (КЕ)