Депутаттык делегация Азербайжанга барат

Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков кабарлады. Анын айтымында, 4-5-июлда өзү баштаган делегация азерилердин бүткүл дүйнөлүк курултайына катышып, сөз сүйлөшөт.

Сапар маалында Азербайжан президенти Илхам Алиев, бийлик өкүлдөрү жана ишкерлер менен жолугушуулар пландалган. (КЕ)