Лукашенконун каршылары камакта

Беларус полициясы оппозициянын ондогон мүчөлөрүн камакка алды. Алар жекшемби күнү президент Александр Лукашенко күнкорсуздук майрамына байланыштуу Минскинин борбордук аянтында сүйлөп жатканда кол чаап, үнүн уктурбай коюга аракет кылышкан эле. 1944-жылдын 3-июнунда Беларус нацисттик баскынчылыктан бошотулган. Лукашенко салтанатта сүйлөгөнгө чейин эле полиция оппозициянын бир нече мүчөсүн аянттан алып кеткени да кабарланды.

“Азаттыктын” Беларус кызматы Минскинин темир жол воказалына тартылган ашыкча көп полиция бул жерде оппозиция пландаган митингди болтурбай койгонун жана нааразылык акциясын тарткатуу үчүн көздөн жаш агызчу газ колдонулганын билдирди.