Шайлоо тууралуу жаңы мыйзамга кол коюлду

Президент Роза Отунбаева шайлоо тууралуу мыйзамга кол койду. “Президентти жана депутататтарды шайлоо тууралуу” мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 30-июнда кабыл алынган. Конституциялык бул мыйзамга өлкө башчысы кол койгонун анын басма сөз кызматы бүгун маалымат таратты. Мыйзам “Эркин Тоо” гезитинин кезексиз санына чыккандан кийин күчүнө кирмекчи. (EK)