Жапония Кыргызстанга жардам берет

Жапониянын өкмөтү Кыргызстанга 3 долбоорду ишке ашыруу үчүн 268 миң доллар грант берет. Нарын шаарында баштапкы билим берүүнү жакшыртуу үчүн 52,8 миң доллар каражат каралган. Бул долбоордун алкагында шаардагы 2 бала бакча жана 1 мектепке керектүү эмеректер алынат. Ат-Башы районундагы 4 мектеп менен 2 бала бакчага керектүү эмеректерди алуу үчүн 112 миң доллар берилет. Нарын облусундагы суунун сапатын аныктоочу лабораторияларды жакшыртуу үчүн 103,4 миң доллар бөлүнөт. Бул долбоордун алкагында 19 мектеп, 1 колледж, 1 академия, 2 бейөкмөт уюм суунун сапатын текшерүүчү жабдуулар менен камсыз болушат. Гранттык келишимдерге тараптар эртең кол коюшат.

Адамдын негизги керектөөлөрүн камсыздоого багытталган Жапониянын гранттык программасы Кыргызстанда 1996-жылдан тарта иштеп келет. Бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө бул программанын алкагында 3,2 миллион долларлык 71 долбоор ишке ашырылган. Бул туурасында Жапониянын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады. (AzK)