Өспүрүмдөргө улуттук аспаптарда ойноо үйрөтүлөт

“Муз чырак” жайкы мектебинин алкагында  “Устат-шакирт” салттуу музыка борборунун балдары Бишкек шаарындагы жана аймактардагы өспүрүмдөргө улуттук аспаптарда ойноону үйрөтөт. Сабактар июль-августь айларындагы эс алуу учурунда өткөрүлмөкчү.  Бул жайкы мектеп “Устат-шакирт” борборунун, Кыргызстан менен кызматташуу боюнча Швецария бюросунун жана Агахан фондунун көмөгү менен уюштурулууда. Ал  өспүрүмдөр арасында музыкалык агартуучулук максатты, ошондой эле таланттуу балдарга жардам берүүнү көздөйт.