Кыргыз депутаттары Малайзияда

Төрага Ахматбек Келдибеков башында турган депутаттар тобу расмий иш сапары менен Малайзияда жүрөт. Парламенттик делегациянын курамында беш фракциядан тең өкүлдөр бар.

Бүгүн Ахматбек Келдибеков Малайзиянын Өкүлдөр палатасынын спикери Тан Сри Пандикар Амин Мулиа менен жолугушту. Тараптар 2012-2013-жылдарга БУУ алдындагы Коопсуздук Кеңешине өкүлүн көрсөтүү боюнча пикир алышты.

Эки тараптуу кызматташтык жолдорун талкуулага жолугушууларга ТИМ орун басары Н.Айтмурзаев жана Малайзиядагы элчи А.Бешимов катышты. (EK)