Украина Чернобылда жаңы курулуш баштайт

Украина Чернобылда өзөктүк коркунучтан сактоочу жай курууга даяр. Украин Тышкы иштер министри Константин Христенконун билдиргенине караганда, курулуш быйыл башталып, 2015-жылы аяктайт. Европа Өнүгүү банкынын өкүлүнүн айтымында, эл аралык каржы уюмдары башталышында 940 миллион доллар берүүнү убада кылууда. Долбоор жалпысынан 1 миллиарддан ашык доллар деп бааланууда. Чернобыл Атомдук электр станциясындагы кырсык 1986-жылы болгон.