Сирияда 8 киши атылганы кабарланууда

Сириялык активисттердин билдиришинче, акыркы 24 саатта аскерлер өкмөткө каршы демонстрацияларда кеминде сегиз кишини атып, ондогондорун камакка алды.

АКШнын президенти Барак Обама Сириянын президенти Башар ал-Ассад "демократиялык реформа жүргүзөм деген убадасын аткарбагандыктан мыйзамдуулугун жоготту" деп билдирди.