Ортомчулар Ливияны Стамбулда талкуулашат

Бүгүн Стамбулда Ливия көтөрүлүшчүлөрүнүн лидерлери менен араб жана Батыш мамлекеттеринин өкүлдөрү жолугушаары болжолдонууда. Ортомчу топтун курамында бул жолугушууга АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтон да бар. Бул топтун мүчөлөрү Муаммар Каддафини кызматынан өз каалоосу менен кетүүгө мажбурлоо аракетин жасашууда. Триполиден 80 чакырым алыс жердеги массалык митингде Каддафи акырына чейин күрөшөрүн билдиргени кабарланды.