Өкмөт Баткенде жол кырсыгына кабылгандарга жардам берет

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, премьер-министр Алмазбек Атамбаев Чукул кырдаалдар министрлиги менен Баткен облустук администрациясына жол кырсыктан жабыркаган жана анда каза болгондорго жардам берүү тапшырмасын берди.

14-июлда кечке жуук Ош – Баткен – Исфана жолунунун 92-чакырымында “Мерседес” үлгүсүндөгү микроавтобус кырсыкка учурап, 3 аял каза болуп, 16 киши жараат алганы кабарланган. (KKs)