Ооганстан: генерал Жон Аллен НАТО күчтөрүнө жаңы жетекчи

НАТО күчтөрүнүн мурдагы аскер башчысы Дэвид Петреус АКШнын Борбордук Чалгын кызматына жетекчи болуп кетти.

Ооганстанда Эл аралык күчтөрдүн жетекчилигинин алмашуусу соңку кездеги саясий өлтүрүүлөр болгон кезге туш келди. Жекшембиде президент Хамид Карзайдын кеңешчиси Мухаммад Хан өлтүрүлдү. Ага чейин Кандагар провинциясында президенттин бир тууган иниси Ахмад Вали Карзайды жан сакчысы атып салган.