7-апрель окуясы боюнча сот уланат

18-июлга белгиленген соттук териштирүү айыпталуучу Сергей Цигельниковдун саламаттыгына байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган.

Сергей Цикельников 14-июлда айыпталуучулар менен жабырлануучулардын мушташында жаракат алган эле. Сот жараянында жабырлануучулар көрсөтмө берүүнү улантышарын Жогорку Соттун басма сөз кызматы кабарлады. (ZKo)