Кыргыз муфтий араб дүйнөсүндөгү ыңкылап себебин талкуулашат

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Чубак ажы Жалилов эртең Сауд Арапстанга араб дүйнөсүндөгү ыңкылаптарга байланыштуу конференцияга катышуу үчүн учуп кетет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Конференция Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасы (WIL) тарабынан уюштурулуп, дүйнөдөгү мусулман өлкөлөрдүн дин кызматкерлерин чогултууда. Анда араб өлкөлөрүндөгү жаңжалдар, алардын келип чыгышын жана жүрүшүн анализдөө багытында талкуулар болот. Конференция Меке шаарында 23-25-июлга белгиленген. (KKs)