Бүгүн Орусиядан күйүүчү май келип түшөт

“Газпромнефть Азия” ишканасынын басма сөз кызматы бүгүндөн тарта жогорку үлгүдөгү бензиндин тартыштыгы жоюларын билдирүүдө. Ага ылайык алгач А-92 үлгүсүндөгү бензиндин тартыштыгы жоюлат. Кийинки жумадан тартып А-95 үлгүсүндөгү бензин кеңири сатылмакчы. Кечээ кечинде компаниянын Бишкектеги айрым майбекеттерине А-92 үлгүсүндөгү бензин келип түшүп, литри 34 сом 30 тыйындан сатылды.

Кечээ кыргыз өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев күйүүчү май маселесин сүйлөшүү үчүн Орусияга жөнөп кеткени кабарланган.(ZKo)